Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдырахматов: кийинки жылы Ысык-Көлдө 4-5 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Института сейсмологии Национальной академии наук КР Канатбек Абдрахматов
Директор Института сейсмологии Национальной академии наук КР Канатбек Абдрахматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов жалпы жонунан 2018-жылы катуу жер силкинүү болбой тургандыгын айтты.
Абдырахматов: кийинки жылы Ысык-Көлдө 4-5 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн

Кийинки жылы Ысык-Көлдө 4-5 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы 13 миң майда жер титирөө катталган.

"Үстүбүздөгү жыл башталаары менен катуу жер титирөөлөр аз болоорун айткам. Буюрса айтканыбыз туура чыгууда. Бирок майда жер силкинүүлөр көбөйдү. 2016-жылы 13 миң майда жер титирөө катталса, быйыл андан ашаары күтүлүүдө. Келе жаткан 2018-жылы болсо жалпы жонунан тынч болоору божомолдонуп жатат", — деди Абдырахматов.

Адис кийинки жылы Ысык-Көлдө 4-5 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0