Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраимов: Ноокатка милиция бөлүмүн ачуу мезгил талабы болгон

© Фото / Зульфия ТургуноваЗампредседатель Ошской областной милиции Санжар Ибраимов
Зампредседатель Ошской областной милиции Санжар Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноокат шаардык милиция бөлүмүн ачууга калктын санынын өскөндүгү жана райондук РИИБдин калаадан алыс жайгашкандыгы себеп болгон
Ибраимов: Ноокатка милиция бөлүмүн ачуу мезгил талабы болгон

Ноокат шаардык милиция бөлүмү ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Ош облустук милициянын жетекчисинин орун басары Санжар Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, бөлүмдүн имаратын курууга жалпы 2 миллион сом жумшалып, Ноокат шаардык мэриясы менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы каржылык колдоо көрсөткөн.

"Эми калаада кылмыштуулук жана жол кырсыктары менен күрөшүүгө кеңири шарт түзүлдү. Ноокат көп улуттуу жана калкы жыш жайгашкан шаар. Андыктан ушул бөлүмдүн курулушу мезгилдин талабы болуп турган", — деди Ибраимов.

Ноокат шаарында 16 миң адам жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0