Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батырканова: рак илдети аныкталса табыптарга баруу такыр туура эмес

© Sputnik / Жоомарт УраимовВрач Национального центра онкологии КР Батырканова Чынара Жээнбековна
Врач Национального центра онкологии КР Батырканова Чынара Жээнбековна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова табыптарга убакыт кетирүү менен илдет күчөп кетерин айтты.
Батырканова: рак илдети аныкталса табыптарга баруу такыр туура эмес

Жатын моюнчасындагы рак илдети аныкталса табыптарга баруу такыр туура эмес экендигин дарыгер Чынара Батырканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, илдет күчөп кете электе дарыгерге кайрылса толугу менен айыгууга болот.

"Ар бир аял жылына эки жолу гинекологдон өтүп турушу керек. Эгерде жатын моюнчасынын рагы аныкталса убакытты кетирбей дароо дарылануу зарыл. Айрымдар табыптарга кайрылып, илдетти күчөтүп алат. Анткен жарабайт. Себеби табыптар жылытуу менен дарылайбыз деп шишикти мындан да чоңойтуп салышат", — деди Батырканова.

Ал учурда жатын моюнчасын нур менен да дарыласа болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0