Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калыбаева: дүйнөлүк жаштар фестивалында студенттер намыска жарады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаштарды өнүктүрүү институтунун директору Элнура Калыбаева маек учурунда
Жаштарды өнүктүрүү институтунун директору Элнура Калыбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштарды өнүктүрүү институтунун директору Элнура Калыбаева Сочиде өткөн Жаштардын жана студенттердин XIX дүйнөлүк фестивалына Кыргызстандын атынан 200дөн ашуун адам барганын айтты.
Калыбаева: дүйнөлүк жаштар фестивалында студенттер намыска жарады

Дүйнөлүк жаштар фестивалында биздин студенттер намыска жарады. Бул тууралуу Жаштарды өнүктүрүү институтунун директору Элнура Калыбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 14-22-октябрь күндөрү Россиянын Сочи шаарында Жаштардын жана студенттердин XIX дүйнөлүк фестивалы өттү.

"Дүйнөлүк жаштар фестивалы болоору тууралуу окуу жайларды кыдырып, студенттерге кенен маалымат бергенбиз. Анан бардык каалоочулар атайын сайтка кирип каттоодон өтүшкөн. Биздин өлкөнүн атынан 2000ден ашуун адам арыз таштап, алардын 10 пайызы барып келди. Студенттерибиз маданий иш-чараларга катышып, спорттук мелдештерде намыска жарады", — деди Калыбаева.

Ал кыргызстандыктардын атынан 200дөн ашуун адам барганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0