Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдырахманов: эгемен болгондон бери алгачкы ирет жаштар фестивалына бардык

© Sputnik / Табылды КадырбековВедущий специалист отдела молодежной политики ГАФКиС КР Талгат Абдырахманов
Ведущий специалист отдела молодежной политики ГАФКиС КР Талгат Абдырахманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Жаштар саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Талгат Абдырахманов фестивалга өлкө атынан 200дөн ашуун адам катышканын айтты.
Абдырахманов: эгемен болгондон бери алгачкы ирет жаштар фестивалына бардык

Эгемендик алгандан бери Кыргызстан алгачкы ирет дүйнөлүк жаштар фестивалына катышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Жаштар саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Талгат Абдырахманов Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 14-22-октябрь күндөрү Россиянын Сочи шаарында Жаштардын жана студенттердин XIX дүйнөлүк фестивалы өттү.

"Жаштардын жана студенттердин дүйнөлүк фестивалы 1948-жылы негизделген. Олимпиада сыяктуу төрт жылда бир жолу болот. Кыргызстан СССРдин алкагында 1957 жана 1985-жылы катышкан. Ал эми эгемендик алгандан бери быйыл биринчи жолу бардык", — деди Абдырахманов.

Ал Кыргызстандын атынан 200дөн ашуун адам барып жакшы жыйынтык көрсөткөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0