Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керимов: мөндөлөк безинин рагы тукумсуздукка алып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-онкоуролог Национального онкогологического центра Акылбек Керимов
Врач-онкоуролог Национального онкогологического центра Акылбек Керимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, мөндөлөк безинин рагы же шишиги эркектер арасында гана кездешет.
Керимов: мөндөлөк безинин рагын убагында дарылабаса жанды алып тынат

Улуттук онкологиялык борбордун дарыгер-онкоурологу Акылбек Керимов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде мөндөлөк безин убагында дарылабаса тукумсуздукка алып келерин айтты.

Анын айтымында, мөндөлөк безинин рагы же шишиги эркектер арасында гана кездешет.

"Эгер бейтап бир эле мөндөлөгүнөн жабыр тартса аны дарылап, балалуу болууга мүмкүнчүлүгү бар. Экөөнөн тең жабыркаганда, баарын алып салганга туура келет. Аягы барып тукумсуздукка кептелет. Операциядан кийин гистологиялык изилдөөгө жиберебиз. Жыйынтыгына жараша химия терапия алышат. Ич көңдөйүндө чоң бездер болсо нурга кактап дарылайбыз", — деди Керимов.

Улуттук онкологиялык борбордун дарыгер-онкоурологу Акылбек Керимов менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0