Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмоналиева: эл аралык фестивалга сапаттуу тартылган тасма гана катыша алат

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер Элнура Осмоналиева маек учурунда
Режиссер Элнура Осмоналиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссердун "Сейде" аттуу кыска метраждуу тасмасы былтыр бир катар эл аралык фестивалдарга катышып олжолуу кайткан.
Осмоналиева: эл аралык фестивалга сапаттуу тартылган тасма гана катыша алат

Эл аралык фестивалдарга катышуу үчүн тасма сапаттуу тартылышы керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине режиссер Элнура Осмоналиева билдирди.

"Негизи эл аралык фестивалдарга тартылган тасма, мейли ал кыска же толук метраждуу болсун, сапаты мыкты болуш керек. Мааниси, сценарийи жакшы болуп, бирок сапаты начар болсо албай коюшат. "Сейдени" тартып баштардын алдында чыгармачыл топ атайын Канн, Венеция, Берлиндеги фестивалдарга барабыз деп иш баштап, сапатына аябай көңүл бурганбыз", — деди Осмоналиева.

Элнура Осмоналиева учурда Америкада Нью-Йорк университетинин киномектебинде студент. Бирок Кыргызстандагы иштерине байланыштуу академиялык өргүүдө жүргөнүн жакында кайра окуусу башталарын кошумчалады.

Таланттуу айым менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0