Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакиев: латын арибине өтсөк китеп окубагандар мындан да көбөйөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин архивдик сүрөтү
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев латын арибине өтүү менен бир топ чыгымга учурай турганыбызды айтты
Жакиев: латын арибине өтсөк китеп окубагандар мындан да көбөйөт

Латын арибине өтсөк китеп окубагандар мындан да көбөйө тургандыгын Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак тилинин алфавитин кириллицадан латын арибине өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду.

"Латын тамгасына өтөбүз дегендер кичине ойлонуп сүйлөсө болмок да. Өнүккөн өлкөлөр деле латын тилин колдонгону менен ар башка жазат. Ар биринин өзүнүн тамгасы бар. Англия менен Италия эки башка жазат. Мындан сырткары, азыр китеп окулбай калды. Латынга өтсөк оңой шылтоо табылат", — деди ал.

Бексултан Жакиев көп чыгым да кетерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0