Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атамбаев: бул күндөр дагы өтөт

Жазылуу
Өлкө башчысы 12 элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып кыргыз эли өзүнүн эгемендүүлүгү үчүн өмүрүн аябай тургандыгын айтты
Атамбаев: бул күндөр дагы өтөт

Президент Алмазбек Атамбаев элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, Кыргызстанда болуп жаткан айрым саясий маселелерге токтолду.

Ал өз сөзүндө айрым бөдөнө саясатчылар чет жактан алган гранты үчүн эли-жерин сатып жиберүүгө даяр экенин баса белгиледи.

"Акыркы күндөрү айрым саясатчыларды көрүп айла жок кыргыздын эски "Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса бытпылдык" деген макалы эске келет. Көп улуттуу кыргыз эли өзүнүн эгемендүүлүгү үчүн өмүрүн аябайт", — деди президент.

Президент, андан сырткары, бул күндөр дагы өтөрүн айтып, кыргыз көчү өзүнүн жолун тапканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0