Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамгырчиев: мен акындыкка талапкермин

© Sputnik / Максат ЭлебесовАлыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев маек учурунда
Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 жаштагы Бердибек Жамгырчиев Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, көптөгөн конкурстардын жеңүүчүсү.
Жамгырчиев: мен акындыкка талапкермин

Жаш акындардын сап башы Жамгырчиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен болгон маекте аркалаган өнөрүнүн тарыхы тууралуу айтып берди.

"Акындыкка талапкермин десем туура болот. Азыр интернетти ачсаң үч-төрт ыр жазып алып "биз акындар" деп өзүн кошуп сүйлөп калышат экен. 2005-жылы борборго келгенде Садык Шер-Нияз агай түптөгөн "Калемгер" деген адабий клуб бар болчу. Ал жактан беш жыл сабак алдык. Залкар акындардын көбүн ошол жактан кезиктирдим. Алар катуу сындачу, кээ бир ырларды окуп туруп "ушуну жазганча базарга барып жашылча-жемиш сатпайсыңарбы" деп салган акындар болгон. Баракты тытып да ийгендер болду. Ошонун баарына чыдап, бышканбыз десек болот. Бирок көпчүлүгү буга чыдабайт экен. Ошол жерде отурган 30-40тай баланын эки-үчөө эле аягына чейин калдык", — деди акын.

Ал ошондой эле устаттарынын катаалдыгы чыгармачылык өсүшү үчүн чоң таасир эткендигин кошумчалады.

Бердибек Жамгырчиев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0