Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: Аксыдагы Кербен шаары базарга айланды

© Фото / предоставлено Алмазом ЭргешовымДепутат от фракции "Кыргызстан" Алмаз Эргешов
Депутат от фракции Кыргызстан Алмаз Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов чакан шаарларды өнүктүрүү программасы жакшы иштебей жатат деген ойдо
Эргешов: Аксыдагы Кербен шаары базарга айланды

Аксыдагы Кербен шаары базарга айлангандыгын "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эл өкүлү Таш-Көмүр шаары дагы өнүкпөй жаткандыгын айтты.

"Чакан шаарларды өнүктүрүү программалары эмне болду? Мен Таш-Көмүр жана Кербен шаарларына дайыма барам. Бирок программанын иштеп жатканын көргөн жокмун. Кербен шаары айылга окшошуп бара жатат. Генералдык планын түзүп, келечегин аныкташ керек. Учурда Кербен шаары базарга айланды", — деди Эргешов.

Ал чакан шаарлар өнүксө ички миграция азая тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0