Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эсенгул уулу: эжемдин сунушу менен радиого аралашып калгам

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель пресс-службы правительства КР Чынгыз Эсенгулов
Руководитель пресс-службы правительства КР Чынгыз Эсенгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы эмгек жолу татаал болгондугун айтты
Эсенгул уулу: эжемдин сунушу менен радиого аралашып калгам

Эжесинин сунушу менен радиого аралашып калганын өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы болуп иштеп жүргөн Чыңгыз Эсенгул уулу өткөн жумада өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

"Россиядан келгенден кийин эжем экөөбүз Нарындагы үйүбүздө сүйлөшүп отурсак, ал "радиого ди-джей керек экен, сенин үнүң жакшы го, барып көр" деп сунуштады. Мен радио, ди-джейлик жөнүндө эч түшүнүгүм жок болсо дагы кастиннгге барып, 70тен ашуун кишинин ичинен бешөөбүз өтүп кеттик. Кийин Бишкекке КТРКнын "Ала-Тоо" программасына келдим. Андан соң Тышкы иштер жана Транспорт министрликтеринин маалымат бөлүмдөрүндө иштедим", — деди Эсенгул уулу.

Чыңгыз Эсенгул уулу менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0