16:03 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938

Касенов: тил үйрөнүүгө жашым өтүп калды деп айткан туура эмес

Радио
Кыскача шилтеме алуу
303 0 0

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын мүчөсү Аймен Касенов адамдын жашы өткөн сайын тил үйрөнүү, тескерисинче, жеңил болорун айтты

Касенов: тил үйрөнүүгө жашым өтүп калды деп айткан туура эмес

Тил үйрөнүүгө жашым өтүп калды деп айткан туура эмес. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын мүчөсү Аймен Касенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Аймен Касенов 35 жашында англис тилин үйрөнүп АКШда, андан соң Стокгольмдо билим алган. Швециядагы окуусунун алкагында Япония, Англия жана Санкт-Петербургда атайын курстарды аяктаган.

"Тил үйрөнүүгө жашым өтүп калды деп айткан туура эмес. Анткени дүйнө таанымы кенен, тажрыйбасы мол адам тилди бат үйрөнөт. Муну мен өзүмдүн байкоомдон улам айтып жатам. Мен 35 жашка чыкканда англис тилин үйрөнгөм. Башкысы каалоо күчтүү болушу керек", — деди Касенов.

Ал Бишкек шаарында жүрүп атайын курстар аркылуу тил үйрөнсө болорун, бирок мүмкүнчүлүк болсо англис тилдүү өлкөлөрдөн үйрөнүп келүү натыйжалуу экендигин кошумчалады.

Тема боюнча

Кадырбеков: кавказдыктардан үлгү алып, орусча сүйлөгөндөн тартынбайлы
Белгилер:
тил, Аймен Касенов

ЭҢ МААНИЛҮҮ