Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токталиев: чек арадагы жагдай айрым туристтерге да таасирин тийгизди

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель совета директоров в Ассоциация Туризма КР Талант Токталиев
Председатель совета директоров в Ассоциация Туризма КР Талант Токталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм ассоциациясынын башкаруу кеңешинин жетекчиси Талант Токталиев Орто Азияны унаа менен кыдырган туристтер көп экендигин айтты
Токталиев: чек арадагы жагдай айрым туристтерге да таасирин тийгизди

Кыргыз-казак чек арасындагы жагдай айрым туристтерге да таасирин тийгизгендигин Туризм ассоциациясынын башкаруу кеңешинин жетекчиси Талант Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында абал оорлогон. Кийинчерээк сүйлөшүүлөр жүргөн менен жүк ташуучу унаалар дагы деле кезек күтүп турат.

"Айрым өлкөлөргө Бишкектен учак учпайт. Ошондуктан туристтерди Алматы аркылуу алып келип, кайра ушул каттам менен узатабыз. Чек арадагы жагдайдан улам айрым туристтер кыйынчылыкка тушугушту. Бирок өтө чоң залалы тийген жок", — деди Токталиев.

Ал кээ бир туристтер Орто Азияны унаа менен кыдыраарын айтып, аларга да чек арадагы жагдай таасирин тийгизгендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0