Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эсеналиев: өткөн жылы "Кыргызпатент" 10,8 миллион сом чогултту

© Sputnik / Мамытов ИсмаилПредседатель Государственной службы интеллектуальной собственности и инноваций Досалы Эсеналиев
Председатель Государственной службы интеллектуальной собственности и инноваций Досалы Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев каражат телеканал, радио, кафе, театрлардан түшкөнүн айтты
Эсеналиев: өткөн жылы "Кыргызпатент" 10,8 миллион сом чогултту

Өткөн жылы "Кыргызпатент" 10,8 миллион сом чогултту. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каражат телеканал, радио, кафе, театрлардан түшкөн.

"Автордук укук жаатында маданият жаңы калыптанып келе жатат. 2016-жылы биз авторлордун чыгармаларын колдонгон субъектилерден 10 миллион 800 миң сом чогулттук. Бул каражаттар телеканал, радио, кафе, театрлардан түшкөн. Чыгарма канчалык көп коюлса ошого жараша акча төлөнүп, автор ошончолук көп каражат табат", — деди Эсеналиев.

Ал түшкөн акчанын 40 пайызы композиторго, 40 пайыз акынга жана 20 пайыз аткаруучуга берилээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0