Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садыков: өлкө боюнча 7743 адам СПИД илдетине чалдыккан

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Сорос" фондусунун "Коомдук саламаттык сактоо" программасынын координатору Илим Садыков маек учурунда
Сорос фондусунун Коомдук саламаттык сактоо программасынын координатору Илим Садыков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сорос" фондусунун "Коомдук саламаттык сактоо" программасынын координатору Илим Садыков ооругандардын 404тү чет элдик жарандар экендигин айтты
Садыков: өлкө боюнча 7743 адам СПИД илдетине чалдыккан

Өлкө боюнча 7743 адам ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккан. Бул тууралуу "Сорос" фондусунун "Коомдук саламаттык сактоо" программасынын координатору Илим Садыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү баңгизат колдонгондор.

"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 7743 адам ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккан. Анын ичинде 7339у — Кыргызстандын жарандары. Калган 404тү — чет элдиктер. Ал эми 3399 адам наркотикалык заттарды колдонгондор", — деди Садыков.

Ал ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү Чүй жана Ош облусунда экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0