Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акенеев: чек арадагы жагдайдан казак ишкерлери дагы жапа чегүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин архивдик сүрөтү
Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика жаатындагы эксперт Жумакадыр Акенеев бир гана казак ишкерлери эмес, карапайым эли дагы запкы жеп жатканын айтты
Акенеев: чек арадагы жагдайдан казак ишкерлери дагы жапа чегүүдө

Чек арадагы жагдайдан казак ишкерлери дагы жапа чегип жаткандыгын экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөтүлүп, кезек күткөндөрдүн саны арбын болууда.

"Биздин этибиз менен сүтүбүз Казакстанга керек. Себеби Кыргызстан Алматы, Тараз шаарларын, Алматы, Жамбыл облустарын эт, сүт менен камсыздайт. Бүгүнкү күндө аталган аймактарда эт, сүт тартыш болууда. Мындан сырткары, биз Казакстандан ун алабыз. Андыктан чек арадагы жагдайдан улам казак бизнесмендери дагы жапа чегүүдө", — деди Акенеев.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев эгер шайлоо бүткөндөн кийин дагы чек арадагы тоскоолдуктар алынбаса, анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилерин кезексиз жыйынга чакырарын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0