Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазбаков: чек арадагы абалды чечүү үчүн аракеттин баарын көрүүдөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун архивдик сүрөтү
Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков учурда министрлик ЕЭК комиссиясына кат жолдогондугун айтты
Сазбаков: чек арадагы абалды чечүү үчүн аракеттин баарын көрүүдөбүз

Кыргыз-казак чек арасындагы абалды чечүү үчүн аракеттин баары көрүлүп жатканын Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Эске сала кетсек, 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөтүлүп, кезек күткөндөрдүн саны арбын болууда.

"Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасына кат жолдодук. Анда Казакстан ЕАЭБдин келишимдеринин базалык принциптерин сактабай жатканы айтылган. Мындан сырткары, Экономика министрилиги маселени чечүү үчүн башка аянтчаларды дагы издеп жатат", — деди Сазбаков.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев эгер шайлоо бүткөндөн кийин дагы чек арадагы тоскоолдуктар алынбаса, анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилерин кезексиз жыйынга чакыраарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0