Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмонканов: ата болуу чоң жоопкерчилик

© Sputnik / Табылды КадырбековАктер, участник сборной "Тамашоу" Бакыт Осмонканов
Актер, участник сборной Тамашоу Бакыт Осмонканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш режиссер, актер, сценарист Бакыт Осмонканов жакында эле "Ата" аттуу социалдык драма тартып, ал 16-ноябрда көрүүчүлөрдүн назарына сунушталмакчы.
Осмонканов: ата болуу чоң жоопкерчилик

Ата болуу чоң жоопкерчилик экенин биз тасма аркылуу бердик. Бул тууралуу режиссер Бакыт Осмонканов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип жатып айтты.

"Ата" социалдык драмасы аркылуу адамдарды ойлонто тургандай, жашоого мотивация берип, жакшы маанай жаратууга аракет кылдык. Анда ыйлата да, күлдүрүп ойлондура турган да эпизоддор бар. Фильм 12 жаштагы уулун жана беш жаштагы кызын жалгыз чоңойткон ата жөнүндө тартылып, эненин ыйыктыгын көрсөтүүгө аракет жасадык. Ата болуу — бул бала менен кичине ойноп же оюнчук алып берип коюу эмес, ата болуу — чоң жоопкерчилик деген теманы ачып бердик", — деди Осмонканов.

Тасмада Болот Тентимишов, Азамат Уланов, Асхат Сулайманов, Азиз Мурадиллаев сыяктуу мыкты актерлор роль жаратышканын режиссер кошумчалап кетти.

Бакыт Осмонканов менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0