Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максутов: музыкалык окуу жайга өтпөй калгам

© Sputnik / Табылды КадырбековМаалымат, маданият жана туризм министрлигинин экс-жетекчиси Алтынбек Максутов
Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин экс-жетекчиси Алтынбек Максутов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин экс-жетекчиси Алтынбек Максутов учурда улуттук филармониянын көркөм жетекчиси.
Максутов: музыкалык окуу жайга өтпөй калгам

Максутов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен болгон маекте башында музыкалык окуу жайга тапшырып өтпөй калгандыктан, актерлукту тандаганын айтып берди.

"Мектепте окуп жүргөндө комуз менен баян классын чогуу окугам. 8-класста Күрөңкеев атындагы окуу жайга өтпөй калып, таарынганда музыкант эмес, артист болом дегем. Эки жылдан кийин Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайга тапшырдым. Улуттук аспаптарды жасоого кызыккандыктан 2006-жылы ошол эле Күрөңкеевдин үйлөмө аспаптар бөлүмүн аяктагам. Өзүмдү чоң ырчы катары сезбейм" — дейт Максутов.

Ал ошондой эле Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрына 20 жыл иштеген.

Талантуу режиссер катары да таанымал Алтынбек Максутов менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0