01:07 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Саяпкер Сүйүнбек Эгембердиев
© Sputnik / Зульфия Тургунова

Эгембердиев: "Миллиончик" мени капа кылган жок

Радио
Кыскача шилтеме алуу
56 0 0

Эгембердиев "Миллиончик" жылкысын алты айлык тай кезинде сатып алган. Төрт жашка чейин таптаган аргымагы аны улак тартыштарда байгесиз калтырган эмес

43 жаштагы саяпкер Сүйүнбек Эгембердиевдин "Миллиончик" аттуу күлүгү аны бир да жолу байгесиз калтырган эмес, Өзгөндө өткөн аламан улак тартышта да тай утуп, кубаныч тартуулады.

Саяпкер аны алты айлык тай кезинде Мухтар аттуу кишиден сатып алганда анын сол бутунда "М" деген эн белги болгон. Ошол себептен тайдын экинчи ээси аны "Миллиончик" деп атап алган.

"Алты айлык кезинен баштап, өзүмдүн баламдай багып чоңойттум. Капа кылбай, акжолтой жылкы болуп берди. Жем-суусун өз маалында берем. "Миллиончиктин" башка жылкылардан айырмасы — ал жыландын этин жейт", — деди ал.

Эгембердиев 20 жашынан баштап аламан улак тартыштарда күч сынашып келет.

Саяпкер жана "Миллиончик" тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган видеоматериалдан таанышсаңыз болот.

Тема боюнча

Саяпкер Сүйүнбек: жылан жеген "Миллиончик" аргымагымды баламдай эле бактым
Өзгөн: жүздөгөн киши катышкан аламан улак. Мелдештин асмандан көрүнүшү
Белгилер:
аламан улак тартыш, саяпкер, жылкы, Өзгөн
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ