Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекматов: шайлоонун 2-турунда талапкер фондусунда калган акчаны гана пайдаланат

© Фото / Зульфия ТургуноваБШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун архивдик сүрөтү
БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоонун экинчи туруна эң көп добуш алган эки талапкер катышып, үгүт иштерине фонддо артып калган каражатты колдонушат
Бекматов: шайлоонун 2-турунда талапкер фондусунда калган акчаны гана пайдаланат

Шайлоонун экинчи туру алгачкы добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан эки жума өткөндөн кийин болорун БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Шайлоодо талапкерлердин бири добуш берүүгө келген шайлоочулардын 50 пайызынан көбүнүн добушун алса, ал жеңүүчү деп табылат. Андай болбой калса экинчи тур белгиленет", — деди Бекматов.

Анын айтымында, экинчи турга өткөн эки талапкердин бири кандайдыр бир себептер менен шайлоодон четтесе, добуш топтоо жагынан андан кийинки турган талапкер анын ордуна аттанат.

Экинчи турдагы үгүт иштерине кеткен каражат шайлоо фондусунда калган акчадан гана алынышы керек. Экинчи тур үчүн фондду толуктоого болбойт.

Экинчи турдун жол-жобосу тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0