00:58 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Жакында эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында Марат Данилов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Данилов: гиддин жумушу өтө жоопкерчиликтүү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
23 0 0

Жакында эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында Марат Данилов "Мыкты гид" номициясынын ээси аталды.

Көпчүлүк "гиддердин жумушу жыргал" деп ойлойт, бирок биздин жумуш да өтө жоопкерчиликтүү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине гид Марат Данилов айтып берди.

Анын айтымында, ишке, убакытка так болбосоң туристтер менен иштеше албайсың.

"Ишиңе так болбосоң туристтер сени менен алыска чыкпайт. Себеби Европа, Корея, Япония өлкөлөрүнөн келген туристтер убакытка абдан так болушат. Мындан тышкары, өлкөдөгү саясий, социалдык, экономикалык маалыматка да бай болушуң керек. Себеби чет жерден келген коноктор тарыхыбыздан баштап учурдагы саясий абалга чейин сурашат. Кайсы жерге барсаң, кандай имарат көрсөң ошонун баары тууралуу так, туура, кенен маалымат берип турган дурус", — деди Данилов.

Ал бул жумуштун кыйын жагы болгону менен кызыктуу тарабы көбүрөөк экенин кошумчалап кетти.

Марат Даниловдун маегин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Белгилер:
гид, жумуш, турист, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ