Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атамбаев: Айтматовдой инсандардын чыгышына үмүт кылам

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка президента Алмазбека Атамбаева в Таласскую область
Рабочая поездка президента Алмазбека Атамбаева в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Талас жергеси таланттарга бай экенин айтты
Атамбаев: Айтматовдой инсандардын чыгышына үмүт кылам

Таластан Чыңгыз Айтматовдой инсандардын чыгышына үмүт кыла тургандыгын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев аталган облуста эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Эске сала кетсек, өлкө башчысы иш-сапары менен Таласка барды.

"Талас таланттарга өзгөчө бай жер. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эки эстелик турат. Бири Таласты байырлаган Манастын, экинчиси Чыңгыз Айтматовдун эстелиги. Бул Талас үчүн чоң сыймык. Аны албетте унутпаш керек", — деди Атамбаев.

Ал Таластан Чыңгыз Айтматовго теңдеш инсандар чыгаарына үмүт артаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0