Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Медетбеков: бийлик да, оппозиция да тынчтыкты сактоого бардык күчүн жумшашы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков. Архив
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков эң негизгиси стабилдүүлүк экенин айтты
Медетбеков: бийлик да, оппозиция да тынчтыкты сактоого бардык күчүн жумшашы керек

Бийлик да, оппозиция да тынчтыкты сактоого бардык күчүн жумшашы керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин депутат Канат Исаев менен активист Мелис Аспеков өлкөдө башаламандык уюштурууга камылга көргөн деп айыпталып кармалган.

"Кыргызстан өзүнчө чоң сыноо алдында турат. Анткени 15-октябрда өлкө тагдыры чечилет. Эң негизгиси — стабилдүүлүк. Бийликтегилер дагы, оппозиция да тынчтыкты сактоого бардык күчүн жумшашы керек. Мамлекетте башаламандык болот деген ушак сөздөр тарабашы керек", — деди Медетбеков.

Ал шайлоонун калыс өтүшү тынчтыкты сактоого көмөк болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0