Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сариев: казак тарап менен кайым айтышуулар ушуну менен токтойт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский политолог Марс Сариев
Кыргызский политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи Марс Сариевдин айтымында, эки өлкө тең мамилени сактап калууга кызыкдар
Сариев: казак тарап менен кайым айтышуулар ушуну менен токтойт

Казак тарап менен кайым айтышуулар ушуну менен токтойт. Бул тууралуу саясий серепчи Марс Сариев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске салсак, 7-октябрда кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, президент Атамбаев казак бийлиги жана андагы бир катар адамдар туурасында кескин пикирин билдирген.

Ал эми кечээ күнү Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Атамбаевдин билдирүүлөрүнө карабастан казак өкмөтү кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн, кызматташтыгын кеңейтип жана тереңдетүү ниетинде экендигин билдирген

"Президентибиздин айткандарына казак тарап жооп берди. Менин оюмча кайым айтышуулар ушуну менен токтойт. Анткени казактар өчөшпөйт. Бирок Казакстандын ичинде абал өзгөрүп жатат. Ушундан улам, албетте, мамиле бир аз сууй түштү. Менимче казак тарап жаңы президентти күтөт. Анан ошол адам менен мамилени чыңдоонун аракетин көрөт", — деди Сариев.

Серепчи эки өлкө тең мамилени сактап калууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0