Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маликов: баланы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЧлен Совета улемов КР Кадыр Маликов
Член Совета улемов КР Кадыр Маликов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теолог Кадыр Маликов ислам дининде баланы эмдөөгө уруксат бериле тургандыгын айтты
Маликов: баланы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек

Баланы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бул тууралуу дин аалымы Кадыр Маликов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл арасында баланы эмдөө боюнча туура эмес маалыматтар тарап кеткен.

"Исламда баланы эмдөөгө уруксат берет. Бирок бул жерде башка нерсе бар. Алгач өкмөт дарынын курамында арамы жоктугу тууралуу кепилдик бериши керек. Анан элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Анткени айрымдар эмдөө боюнча туура эмес маалыматтарды угуп, ишенип алышкан", — деди Маликов.

Ал мындай түшүнбөстүктөр башка динди кармангандар арасында дагы болуп жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0