Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубатов: айдоочулардын баш бербегени көп кырсыкка себепкер

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облустук кайгуул милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мадамбек Кубатов
Ош облустук кайгуул милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мадамбек Кубатов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тез жардам" кызматынын унаасын өткөрбөй, ага тоскоолдук жараткан айдоочуларга айып пул салынууда
Кубатов: айдоочулардын баш бербегени көп кырсыкка себепкер

Айдоочулардын баш бербегени, тартип бузганы көп кырсыкка себепкер. Бул тууралуу Ош облустук кайгуул милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мадамбек Кубатов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Ош облусунун аймагында катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 80 адам каза болгон.

"Айдоочулардын шалаакылыгынан канча адамдын өмүрү кыйылып жатат. Ушундай окуялардын алдын алуу максатында "Маяк" аттуу рейд уштурдук. Анда "Тез жардам" кызматынын унаасына жол бошотпой, маякка жооп бербеген айдоочуларга чара көрүлүүдө. Алгач эскертүүлөрдү бердик. Жол эрежесин одоно бузуп, "Тез жардам" кызматынын унаасын өткөрбөй, ага тоскоолдук жараткан айдоочуларга Административдик кодекстин 241-беренесинин негизинде 500 сомдон 1000 сомго чейин айып пул салынды", — деди Кубатов.

Ал кошумчалагандай, аталган рейд Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0