Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: экспорт жаатында иштегендер үчүн жеңилдетилген насыя берилет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭкономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин архвдик сүрөтү
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин архвдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев учурда жеңилдетилген насыя үчүн 3,5 миллиард сом бөлүнгөндүгүн айтты.
Иманалиев: экспорт жаатында иштегендер үчүн жеңилдетилген насыя берилет

Экспорт жаатында иштегендер үчүн жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, насыя экспорт жаатында иштеген бизнесмендер үчүн гана берилет.

"Финансылык каражаттарды ишкерлерге жеткиликтүү кылуу үчүн жаңы долбоор сунушталып, колдоого ээ болду. Ага ылайык, экспорт жаатында иштегендер үчүн 3,5 миллиард сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет", — деди Иманалиев.

Ал жаңы программа иштелип жатканын, эгерде ал колдоо тапса бизнестин башка тармактарына да жеңилдетилген насыя берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0