19:46 04 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9120
  • EUR90.7023
  • RUB1.0481

Зилалиев: Темир Жумакадыровдун дүйнө салышы кыргыз өкмөтү үчүн абдан чоң жоготуу

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы (33)
297 0 0

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгынан каза болду. Аны менен кошо жардамчысы жана айдоочусу мерт кетти

Зилалиев: Темир Жумакадыровдун дүйнө салышы кыргыз өкмөтү үчүн абдан чоң жоготуу

Экономикалык блок боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Темир Жумакадыровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы кыргыз өкмөтү жана калың эл үчүн оор жоготуу болгонун айтты.

"Мен аны принципиалдуу, ачык, таза адам катары билем. Акыркы кырк күн жаңы өкмөттүн курамында чогуу иштешип, бул убакыт ичинде биз бир туугандай болуп калдык. Бул кыргыз өкмөтү үчүн, кыргыз эли үчүн абдан чоң жоготуу болду", — деди ал.

Зилалиев ошондой эле Жумакадыровдун жасаган иштери жерде калбай улантыларын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында "КамАЗ" менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон

Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Тема:
Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы (33)

Тема боюнча

Вице-премьер кабылган кырсык: жүк ташуучу унаанын айдоочусу соо болгон
Вице-премьер Темир Жумакадыровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат
Темир Жумакадыров көзү тирүүсүндө жол кырсыктары тууралуу эмнелерди айткан
Белгилер:
милиция, Темир Жумакадыров, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ