Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зикиров: Lexus унаасын айдай качан кишинин мас экени аныкталды

© Фото / Зульфия ТургуноваНачальник Ошской городской патрульной милиции Айжигит Зикиров
Начальник Ошской городской патрульной милиции Айжигит Зикиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя кечээ, 4-октябрда болгон
Зикиров: Lexus унаасын айдай качан кишинин мас экени аныкталды

Ош шаарында Lexus RХ 350 унаасын ичиндеги 12 жашар кыз менен айдай качкан киши мас абалында экен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Ош шаардык Кайгуул милиция бөлүмүнүн башчысы Айжигит Зикиров билдирди.

Эскерте кетсек, окуя кечээ, 4-октябрь күнү болгон. Унаа ээси машинаны токтотуп Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн бирине кирген. Унаанын ичинде 12 жаштагы кызы калган. Дүкөндөн чыгып унаасын токтоткон жерден таппай калып, милицияга кайрылган.

Ыкчам аракеттин аркасында машина Алиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган.

"Колго түшүрүлгөн адам мас экен. Ичиндеги кызга эч кандай залал келтирбептир. Абалы жакшы", — деди Зикиров.

Ал учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0