Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бечелов: жол кырсыгынан алты окуучу жабыркады

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечеловдун архивдик сүрөтү
Ош облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечеловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечеловдун айтымында, окуучуларды үйүнө жеткирип бараткан Mersedes Benz-313 үлгүсүндөгү маршруттук такси Honda Step автосу менен кагышкан.
Бечелов: жол кырсыгынан алты окуучу жабыркады

Кара-Суу районундагы Шарк айылында окуучуларды ташып бараткан маршрутка аласалып, алты окуучу жабыркаганын облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

Анын айтымында, кырсык 3-октябрь күнү саат 18.00дөр чамасында болгон. Окуучуларды үйүнө жеткирип бараткан Mersedes Benz-313 үлгүсүндөгү маршруттук такси Honda Step автосу менен кагышып, аласалып кеткен.

"Маршруткада "Жетиген" мектеп-гимназиясынын окуучулары болгон. Кырсыктын кесепетинен алты бала жабыркап, Ош облустук ооруканага жеткирилди. Алардын үчөөнө тиешелүү жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Ал эми калган үчөө ооруканада", — деди Бечелов.

Ал ошондой эле кырсыкка Honda Step унаасынын 25 жаштагы айдоочусу телефонго алаксып кеткендиги себеп болгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0