Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арпачиев: алдыңкы спортчулар ай сайын 45 миңден стипендия алышат

© Sputnik / Исмаил МамытовЖаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев маек учурунда
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев жалпысынан 300гө чукул спортчу мамлекеттен ай сайын акча алып турарын айтты.
Арпачиев: алдыңкы спортчулар ай сайын 45 миңден стипендия алышат

Алдыңкы спортчулар ай сайын 45 миң сомдон стипендия алышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, стипендия алган спортчулар жыл сайын жакшы жыйынтык көрсөтүп турушу керек.

"Жобонун негизинде стипендия ала турган спортчулар алты категорияга бөлүнөт. Жогорку категорияга Олимпиада оюндарында, дүйнөлүк биринчиликте жана Азия биринчилигинде алдыңкы үчтүккө илингендер кирет. Алар ай сайын 45 миң сомдон стипендия алышат. Ал эми кийинки категориядагылар 25 миң, 15 миң, сегиз миң, үч жана эки миңден алып турушат", — деди Арпачиев.

Ал жалпы жонунан 300гө чукул спортчу мамлекеттен ай сайын акча алып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0