Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эсенгелдиева: тоок фермасын, тигүүчү цехтерди иштеткен карылар бар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Карылардын ресурстук борборунун" аткаруучу директору Гүлмира Эсенгелдиева маек учурунда
Карылардын ресурстук борборунун аткаруучу директору Гүлмира Эсенгелдиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Карылардын ресурстук борборунун" аткаруучу директору Гүлмира Эсенгелдиева аталган карылар атайын топторду түзүп иштей тургандыгын айтты.
Эсенгелдиева: тоок фермасын, тигүүчү цехтерди иштеткен карылар бар

Тоок фермасын, тигүүчү цехтерди иштеткен карылардын топтору бар. Бул тууралуу "Карылардын ресурстук борборунун" аткаруучу директору Гүлмира Эсенгелдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган топтор өлкөнүн бардык облустарында иштеп келет.

"Учурда аймактарда карыларды колдоо максатында уюштурулган топтор бар. Алар 10 жылдан бери иштеп келет. Бүгүнкү күндө тоок фермасын, тигүүчү цехтерди ачып, карылар эмгектенишүүдө. Аларга атайын семинарлар уюштуруп, жаңы маалыматтар берилип турат", — деди Эсенгелдиева.

Ал аталган семинарлардын арты менен чет жакка чыккан карылар да бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0