Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: жаңы конуштарга трансформатор коюу пландалууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовСвердлов районунун акими Самарбек Болотбеков маек учрунда
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков трансформаторлор менен кошо түркүктөр да тургузуларын айтты
Болотбеков: жаңы конуштарга трансформатор коюу пландалууда

Жаңы конуштарга трансформаторлор коюлат. Бул тууралуу Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, трансформаторлордун коюлушу менен жаңы конуштарда жарыктар өчүрүлбөй калат.

"Жаңы конуштарда үч негизги көйгөй бар. Бул суу, жарык анан жол маселеси. Суу боюнча "Дордой", "Дордой 2" жана "Ак-Бата" жаңы конуштарга акча бөлүндү. Буюрса, бул жакта суу маселеси чечилет. Жарыктандыруу көйгөйүн чечүү үчүн "Ак-Бата" жаңы конушуна эки трансформатор коелу деп жатабыз. Кышка чейин жок дегенде бирөө иштеп калат", — деди Болотбеков.

Ал учурда тендер аркылуу түркүктөр сатып алынгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0