Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшекеева: өжөрлүгүмөн ырчы болдум, болбосо медайым болуп калмакмын

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Эмгек сиңирген артисти, "Даңк" медалынын ээси Майрам Дүйшекеева маек учурунда
КРдин Эмгек сиңирген артисти, Даңк медалынын ээси Майрам Дүйшекеева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Эмгек сиңирген артисти, "Даңк" медалынын ээси Майрам Дүйшекееванын чыгармачыл чөйрөгө аралашып, ырчылык кесипти аркалап келе жатканына 35 жылдын жүзү болду.
Дүйшекеева: өжөрлүгүмөн ырчы болдум, болбосо медайым болуп калмакмын

Артист болууну кичине кезимден эле кыялдангам, ата-энемдин каршылыгына карабай өжөрлүгүм менен минтип максатыма жеттим. Бул тууралуу Майрам Дүйшекеева Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.

"Кичине кезимде ырчы, актрисаны айырмалабай эле "артист болом" дей берчүмүн. Бирок атам "ийне сайганды билсең кор болбойсуң" деп медайымдын окуусуна да тапшыртып көрдү. Жыйынтык чыкпады, себеби менин эс-дартымдын баары артист болуу эле. Ар түрдүү кароо сынактарга катышып жүрүп акыры Жумамүдүн Шералиевдин көзүнө илинип, Нарын шаарындагы "Гүлдесте" маданият үйүндө театрда иштеп калдым. 1982-жылы Бишкекке Жумамүдүн Шералиевдин кечесине келип, филармония жетекчилигинин көзүнө түшүп калыптырмын. Ошентип алар мени "оркестрдин кызы экенсиң" деп алып калышты", — деди Дүйшекеева.

Ырчы учурда деле Улуттук филармониядагы Карамолдо Орозов атындагы Академиялык оркестрдин солисти болуп эмгектенет. Үч жылдан соң 60 жылдык мааракесин берсем деп камынып жаткан мезгили.

Майрам Дүйшекеева менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан кененирээк окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0