Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: манасчылардын Манас айтканына гана курсант болуп жүрөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү манасчы Рысбай Исаков маек учурунда
Белгилүү манасчы Рысбай Исаков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү манасчы Рысбай Исаков жаш балдардын арасында Манас, Семетей, Сейтек болууну каалагандар жок экендиги өкүндүрөрүн айтты.
Исаков: манасчылардын айтканына гана курсант болуп жүрөбүз

Манасчылардын Манас айтканына гана курсант болуп жүрөбүз. Бул тууралуу белгилүү манасчы Рыспай Исаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушул эле аракет менен Манасты жайылтууга мүмкүн эмес.

"Эч ким Манас же Семетей болгусу келбейт. Буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Анткени Манас тууралуу тасмабыз, мультфильмибиз, комиксибиз жок. Манасчылардын айтканына гана курсант болуп жүрөбүз. Ушундан улам бардык тармакта иш алып баруу керек экендигине көзүбүз жетти", — деди Исаков.

Ал учурда Семетей тууралуу комикс жасалып бүткөндүгүн кошумчалады.

Рыспай Исаков менен болгон маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агентигинин материалынан окуй аласыздар. https://sputnik.kg/culture/20170921/1035325087/manasty-majdalap-zhetkirip-zhatabyz.html

Жаңылыктар түрмөгү
0