Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанов: шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу беш иш сотко өттү

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoЗаместитель МВД КР по южному региону Асанов Курсан
Заместитель МВД КР по южному региону Асанов Курсан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов учурда шайлоого карата мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча ИИМдин атайын штабы түзүлгөнүн айтты.
Асанов: шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу беш иш сотко өттү

Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу беш иш сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, бейшемби күнү парламент президенттик шайлоого карата өкмөттүн даярдыгы боюнча маалыматын укту.

"Шайлоого байланыштуу мыйзам бузууларды милиция кызматкерлери каттап, сотко өткөрүп берет. Бүгүнкү күнгө чейин 10 материал каралган. Анын ичинен беш иш сотко өттү. Күнөөлөр аныкталса айып салынат же 2-3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", — деди Асанов.

Ал шайлоого карата мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча ИИМдин атайын штабы түзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0