Шаршенов: баарыңыздарды марафондон күтөбүз
"Күз деми" марафонуна бардык каалоочулар катыша алат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири Абакир Шаршенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, марафонго катышуудан мурун жакшылап даярдык көрүү керек.
"Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрь күнү Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда "Күз деми" аталышындагы эл аралык жарым марафон өтөт. Анда беш, 10 жана 21 чакырымга чуркоо болот. Бул марафонго каалоочулардын баары катышат алат", — деди Шаршенов.
Ал ар бир катышуучу атайын белек ала турганын айтып, жеңүүчүлөр болсо баалуу буюмдар менен сыйланарын кошумчалады.