Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ашымбек уулу: мигранттар камсыздандыруу төлөмүн төлөп, пенсияга чыкса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель руководителя Управления по централизованному назначению и перерасчету пенсии Соцфонда Азат Ашымбек уулу
Заместитель руководителя Управления по централизованному назначению и перерасчету пенсии Соцфонда Азат Ашымбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Ашымбек уулу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө менен жетпеген стажды толуктаса болорун айтты.
Ашымбек уулу: мигранттар камсыздандыруу төлөмүн төлөп, пенсияга чыкса болот

Мигранттар камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп, пенсияга чыкса болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Ашымбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө менен жетпеген стажды толуктаса болот.

"Учурда көпчүлүк жарандарыбыз чет жакта эмгектенишет. Алар Кыргызстанга кайтып келгенде пенсияга чыга алышпайт. Анткени эмгек стажы жок. Мындан учурларда алар өз ыктыярлары менен социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп, полистерин алып, жетпеген стажын толуктаса болот", — деди Ашымбек уулу.

Ал жогорудагы талаптар аткарылган учурда пенсия алууга шарт түзүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0