Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: буюрса "Манас" эпосу боюнча мультфильм тартылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү манасчы Рыспай Исаков маек учурунда
Белгилүү манасчы Рыспай Исаков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү манасчы Рыспай Исаков Манастын мультфильмин тартуудан мурун "Карагул ботом" дастанынын негизинде мультфильм тартуу пландалганын айтты
Исаков: буюрса "Манас" эпосу боюнча мультфильми тартылат

"Манас" эпосунун негизинде мультфильм тартылат. Бул тууралуу белгилүү манасчы Рыспай Исаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жогорку сапаттагы мультфильм тартуу үчүн тиешелүү адистер жетиштүү.

"Мультфильм көп маалыматты жеткире алат экен. Бирок ошончолук көп түйшүктү, чыгашаны талап кылат. Өзгөчө 3D болсо ийгиликтүү, анан жеткиликтүү болот дешти. Мына ушул багытта адистерибиз дагы көп экен. Максатыбыз — Манасты мультфильм кылып тартып, балдарга жеткирүү. Бирок биринчи ирет тартып жаткандыктан сөзсүз чекилик кетиши мүмкүн", — деди Исаков.

Ал алгач мультфильм "Карагул ботом" дастанынын негизинде тартыла баштагандыгын, эгерде элдин элегинен өтсө, анан Манас тууралуу тартыларын кошумчалады.

Рыспай Исаков менен болгон маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агентигинин материалынан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0