Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жуматаева: буюрса мигранттарыбыз пенсия алып калат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель председателя Социального фонда КР Гульнура Джуматаева
Заместитель председателя Социального фонда КР Гульнура Джуматаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева мигранттарга пенсия берүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Жуматаева: буюрса мигранттарыбыз пенсия алып калат

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кыргыз мигранттары пенсия алып каларын Гүлнур Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маселени чечүү үчүн бир канча жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

"Мигранттарга пенсия берүү үчүн бир нече жылдан бери иштеп жатабыз. Учурда Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, бир пикирге келдик десек болот. Болгону эмгек тажрыйбасын баалоо боюнча маселе каралып жатат. Анткени ар бир өлкөнүн өзүнүн пенсиялык системасы, эсептөө механизми бар", — деди Жуматаева.

Ал учурда Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, аталган өлкө өз жарандарына кандай пенсия берсе, биздин жарандарга да ошондой пенсия берүү сунушталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0