Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетов: жер титирөө учурунда чукул кабар берчү жаңы долбоор ишке кирет

© Sputnik / Исмаил МамытовӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчи орун басары Азамат Мамбетов маек учурунда
ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчи орун басары Азамат Мамбетов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчи орун басары Азамат Мамбетов аталган демилгенин арты менен кыйроолордун алдын алса болорун айтты.
Мамбетов: жер титирөө учурунда чукул кабар берчү жаңы долбоор ишке кирет

Жер титирөө учурунда чукул маалымат берчү жаңы долбоор ишке кирет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчи орун басары Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоорду каржылоо үчүн акча маселеси чечилген.

"Жер титирөө учурунда маалыматты чукул жеткирүү үчүн жаңы долбоор иштелип чыкты. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын тегерегине атайын байкагыч жабдуулар коюлат. Эгерде жер титиресе анын толкундары 100 чакырымга 30-45 секундда келет. Ал эми жабдуулардын жардамы менен жер титирегендиги тууралуу маалымат 1-2 секундда жетет да, газ, электр энергиясы, лифттер дароо өчүрүлүп, жарандарга маалымат жетет", — деди Мамбетов.

Ал аталган долбоор 2019-2020-жылдары ишке ашып каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0