Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: балдар натуура жолго түшпөш үчүн энелер динди билиши керек

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун архивдик сүрөтү
Ыйман фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков коомду тарбиялоодо эненин орду өтө чоң экенин баса белгиледи
Кадырбеков: балдар натуура жолго түшпөш үчүн энелер динди билиши керек

Балдар туура эмес жолго түшпөш үчүн энелер динди билиши керек. Бул тууралуу "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аялдар илимдүү-билимдүү болушу абзел.

"Коомдо, исламда аялдын орду абдан чоң. Ошондуктан балдарыбыз динди туура эмес пайдалангандардын торуна түшүп калбашы үчүн аялдардын динди билиши, билимдүү болуп социалдык жашоодо активдүү болушу өтө маанилүү", — деди Кадырбеков.

Белгилей кетсек, борбор калаада "Аялдардын коомдогу жана исламдагы орду" аталышында семинар болуп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0