Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ашымбек уулу: пенсияга убагында чыгуу үчүн документтерди эртерээк тапшыруу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык фонддун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Ашымбек уулу
Социалдык фонддун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Ашымбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Ашымбек уулу учурда тапшырылчу документтердин санын азайтуу демилгеленип жатканын айтты.
Ашымбек уулу: пенсияга убагында чыгуу үчүн документтерди эртерээк тапшыруу керек

Пенсияга убагында чыгуу үчүн документтерди эртерээк тапшыруу керек. Бул тууралуу Социалдык фонддун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Ашымбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия көтөрүлөт.

"Айрым жарандар пенсия курагына келгенде гана социалдык фондго кайрылышат. Кээ бирлеринин эмгек китепчелери жоголсо, калгандарында башка көйгөйлөр болот. Ушундан улам пенсияга убагында чыга албай кыйналышат. Көйгөй жаралбаш үчүн Социалдык фонддун райондук бөлүктөрүнө кайрылып, эртерээк документтерди тапшыруу зарыл", — деди Ашымбек уулу.

Ал учурда жаңы мыйзам долбоору сунушталып жатканын, колдоо тапса пенсияга чыгуу шарты жеңилдей тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0