Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдарбекова: Бишкектеги 4 миңден ашуун үй-бүлөгө көмүр таратылат

© Фото / Улукбек ШамбетовИсполняющая обязанности пресс-секретаря мэрии Бишкека Перизат Айдарбекова
Исполняющая обязанности пресс-секретаря мэрии Бишкека Перизат Айдарбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын маалымат катчысы Калперизат Айдарбекова көмүрдөн сырткары жакыр үй-бүлөлөргө отун дагы берилерин айтты.
Айдарбекова: Бишкектеги 4 миңден ашуун үй-бүлөгө көмүр таратылат

Бишкек мэриясы калаадагы жакыр үй-бүлөлөргө бекер отун менен көмүр таратууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат катчысы Калперизат Айдарбекова билдирди.

Ага ылайык, быйылкы күз-кыш мезгилине карата 4 миң 346 үй-бүлө 1,5 тоннадан көмүр алышат.

"Ленин районунда 1478 үй-бүлө, Октябрь районунда 500, Биринчи Май районунда 1 168 жана Свердлов районунда 1 200 үй-бүлө көмүр алат", — деди Айдарбекова.

Ал учурда төшөктө жаткан майыптарга жана пенсионерлерге көмүр жеткирип берүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, каттоодо турган 667 жакыр үй-бүлөгө "Зеленстрой" ишканасы отун берген. Ар бир үй-бүлөгө 1,5 куб отун туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0