Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: жакшы тамактанбаса сасык тумоо жандап алат

© Фото / Нурсултан Жумабеков Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн дарыгери Жолчубек Жумабеков
Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн дарыгери Жолчубек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер спорт менен алектенген жана иммунитети күчтүү адамдар көп тумоолобой турганын эскертишти
Жумабеков: жакшы тамактанбаса сасык тумоо жандап алат

Сасык тумоонун алдын алыш үчүн адам жеке гигиенаны жакшы сактап, туура тамактануусу керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн дарыгери Жолчубек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, спорт менен алектенген жана иммунитети күчтүү адамдар көп сасык тумоо менен оорубайт.

"Негизи эле адам оорубайын десе спортту сүйүш керек. Жок дегенде дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, эртең мененкисин чуркап турган жакшы. Анан иштеген жерин, үйдү таза кармап, тез-тезден жууп тазалап, желдетип турган оң. Ал эми сасык тумоо мезгили башталганда сырттан келгенде сөзсүз колду самындап жууп, коомдук жайларда маска тагынып оорунун алдын алса болот", — деди Жумабеков.

Ал ошондой сасык тумоолоп калган адам үй шартында дарыланып жүрө бербей, сөзсүз ооруканага кайрылуусу керек экендигин кошумчалап кетти.

Күзгү оорудан оолак болуу үчүн дагырелер берген кеп-кеңешти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0