Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Киргизбаев: 5 метрлик питон массажды жакшы көрөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовРаботник зоопарка "Живая экзотика" Фарух Киргизбаев
Работник зоопарка Живая экзотика Фарух Киргизбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, жаныбарлар адамдагы жылуулукту сезип турат
Киргизбаев: 5 метрлик питон массажды жакшы көрөт

Беш метрлик питон жыланы массажды жакшы көрө турганын Бишкек шаарындагы "Тирүү экзотика" зоопаркынын кызматчысы Фарух Киргизбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, зоопарктагы эң чоң жылан 10 күндө бир ирет гана тамактанат.

"Биздин зоопаркта узундугу беш метрге жеткен питон жыланы бар. Башка жаныбарларга караганда аны жакшы көрүп, тамак бергим келе берет. Анан ал жылан массажды жакшы көрөт. Негизи жаныбарлар адамдагы жылуулукту сезип турат. Ошондуктан ар бир жаныбарга өзгөчө мамиле керек", — деди Киргизбаев.

Ал "Тирүү экзотика" зоопаркында крокодилдин үч түрү, жыландар, маймылдар жана кескелдириктер бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0