Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамалдинов: кыргыз тилин акча коротпой эле үйрөтсө болот

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жамалдинов Зиядин Исламович
Депутат Жамалдинов Зиядин Исламович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов Мамлекеттик тил комиссиясынын ишмердүүлүгүн сынга алып, 140 миллион сом коротконун айтты.
Жамалдинов: кыргыз тилин акча коротпой эле үйрөтсө болот

Кыргыз тилин акча коротпой эле үйрөтсө болот. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов Парламент радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик тил комиссиясы бүгүнкү күндө котормого 140 миллион сом каражат короткон.

"Мамлекеттик тил комиссиясынын 2020-жылга чейин тилди өнүктүрүү боюнча программасы бар экен. Ошого 490 миллион сом каражат каралган. Кыргыздарга эне тилин акча коротпой эле үйрөтсө болот. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик тил комиссиясы башка тилдеги чыгармаларды которуу үчүн 140 миллион сомду иштетиптир", — деди Жамалдинов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш ушул аптада "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча маалымат укту.

Жаңылыктар түрмөгү
0