15:01 24 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Аталган долбоорду уюштуруп жаткан Асылбашев Креатив агенттигинин башкы менеджери Дарика Асылбашеванын архивдик сүрөтү
© Sputnik / Жасмин Малашева

Асылбашева: "Асманга" конкурсанттарды тандоодо үнүнө гана басым жасалган жок

Радио
Кыскача шилтеме алуу
40 0 0

Аталган долбоорду уюштуруп жаткан "Асылбашев "Креатив" агенттигинин башкы менеджери Дарика Асылбашева тандоо туруна 200дөн ашуун адам келгенин айтты.

"Асман" теледолбооруна конкурсанттарды тандоодо үнүнө гана басым жасалган жок. Бул тууралуу долбоорду уюштуруп жаткан "Асылбашев "Креатив" агенттигинин башкы менеджери Дарика Асылбашева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.

Эске сала кетсек, өлкөдө "Асман" аттуу теледолбоор ишке ашып жатат. Ага вокалдык чеберчилиги жогору жарандар катышса болот. Долбоор КТРКдан көрсөтүлүп, жеңүүчүгө 100 миң сом акчалай сыйлык берилет.

"Асман" теледолбоору музыка жаатында болгондуктан биз эң алгач катышуучулардын үнүнө көңүл бурдук. Бирок үнүнө гана басым жасалган жок. Анткени биз келечектеги жылдыздарды издеп жатабыз. Ошого байланыштуу сырткы келбетине, харизмасына жана сахнада өзүн алып жүрүүсүнө карап конкурсанттар танталды", — деди Асылбашева.

Ал тандоо туруна 200дөн ашуун адам келгенин кошумчалады.

Тема боюнча

Долотбаков: "Асманга" окшогон теледолбоор буга чейин болгон эмес
Белгилер:
долбоорлор, КТРК, Дарика Асылбашева
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ